Кыргызстанда сотко болгон ишеним Африканын деңгээлине түштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.
Анын айтуусунда, эл аралык индексте Кыргызстан сотко болгон ишеним боюнча Африка өлкөлөрү менен бирдей деңгээлде турат.
"Социологиялык сурамжылоо элдин калың катмары сотторго нааразы экенин көрсөтүп турат. Эл аралык эсеп боюнча да бизде сотко болгон ишеним Африка өлкөлөрү менен барабар. Кыргызстандагы эң чоң көйгөй, сот маселеси. Соттор укуктук эмес, саясий чечим чыгарганга өттү. Соттун шайлана турган ордосу бизбиз. Ошондуктан сотторду тандоонун жаңы критерийлерин ойлоп табуу керек", — деди Иманалиев.
Ал ошондой эле адамдын тагдыры боюнча чечим кабыл алган соттор чечими адилетсиз болгон учурда 10-20 жылдан кийин деле жазасын алуусу зарыл экендигин кошумчалады.