БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Өкмөттүн жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өлкөдө санавиацияны өнүктүрүү керектигин айтып, ар кандай кырдаал болгон учурда алыскы аймактардан кишилерди борборго алып келүүдө көйгөй бар экенин айтты.
Премьер-министр дагы Кыргызстанга тик учак керектигин белгиледи.
"Эки тик учак алып бирөөсүн түндүк, экинчисин түштүк аймакка берүү керек. Корея тарап менен да иштер жүрүп жатат. Airbus компаниясынын өкүлдөрү менен жакында жолуктум, алар дагы жардам беришерин айтышты", — деди ал.
Өкмөт башчы Кыргызстан тоолуу мамлекет болгондуктан санавиациянын мааниси чоң экенин баса белгиледи.