ОШ, 25-дек. — Sputnik. Кара-Cуу районундагы орто мектептердин окуучуларынын арасында өткөрүлгөн "Аяз атага кат" сынагында бой сураган окуучу кыз жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу сынактын уюштуруучусу "Кызыл Кайрат" коомдук фондусунун негиздөөчүсү Кубанычбек Кудайкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, жеңүүчү деп табылган Акылай Туташова Алыкул Осмонов атындагы орто мектепте 4-класста окуйт.
Ал кошумчалагандай, өзгөчө каттардын арасында Алыкул Осмонов атындагы орто мектебинин окуучусу Бүбүхаба Кадырбаеванын да каты бар. Ал атасы каза болгондугун айтып, атасынын ордун жоктотпой Аяз атанын апасына белек берүүсүн өтүнгөн.
"Өз туулган жеринин сулуулугун көктөн көргүсү келгендигин айтып кат жазган окуучу Нурсултан Акжоловду "өз өлкөсүнүн жаш патриоту" деп атап, символикалуу түрдө учактын макетин белекке бердик", — деди Кудайкулов.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө Аяз атадан баалуу белектер жана мактоо баракчалары тапшырылды.