БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 2018-жылды Өзбекстандын жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазып чыкты.
"Өзбектер — бизге жакын эл, коңшубуз. Өзбекстан Борбор Азиядагы ири өлкө, аны менен түзүлгөн мамиле абдан маанилүү. Кийинки жыл Казакстанда Өзбекстан жылы, ал эми Өзбекстанда Казакстан жылы деп жарыяланат", — деди Назарбаев республикалык телеканалдардын эфиринде сүйлөп жатып.
"Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиёев менен көрсөткүчтү беш миллиард долларга жеткирүүнү сүйлөштүк. Бүгүнкү күндө биргеликте унаа өндүрүү боюнча сүйлөшүү бар", — деди президент.
Буга чейин Назарбаев менен Мирзиёев телефондон эки тараптуу кызматташуунун абалы менен келечегин талкуулашкан. Мында товар жүгүртүүнүн көлөмү тездик менен өсүп жатканы жана бизнес жаатында мамиленин бекемделип жатканы айтылган.