БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Шаар милициясы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй баштаганын ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Тартип сакчылары бул майрам күндөрү коопсуздукту камсыздоо чараларынан улам жасалып жатканын айтышты.
Ушу тапта мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн профилактикалык иштер жасалып жатат. ШИИБ мындай аракеттерди түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.