БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунун милициясы кызды уурдады деп шектелгендерди кармады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
20-декабрда райондук милицияга Өзбекстандын жараны кайрылып, анын кызын белгисиз бирөөлөр уурдап, 31 миң доллар талап кылып жатканын айткан.
Иликтөө учурунда кыздын телефону өчүк экени жана ал чек арадан өтпөгөнү аныкталган.
"Алдын ала маалымат боюнча ниети каралар кызга телефон чалып, аны алдап чек арадагы тосулган бир жайга алып келишкен. Аны күч колдонуп машинага салып, Кадамжайга алып келишкен. Кызды мыйзамсыз түрдө кармап турушкан", — деп айтылат маалыматта.
Кармалган жарандар Кадамжай районундагы айылдардын биринин 19, 21 жана 28 жаштагы тургундары экени аныкталган.
Кылмышка тиешеси барлар учурда изделип жатат. Алдын ала маалымат боюнча кылмыш бизнестеги пикир келишпестиктин айынан жасалган.