Аскарбеков: үйдү ичинен эмес, сыртынан жылуулаш керек
Үйдү ичинен эмес, сыртынан жылуулаш керек. Бул тууралуу Бакыт Аскарбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, үйдү жылуулоо учурунда энергияны үнөмдөөчү материалдарды колдонуу керек.
"Азыр айрымдар үйдүн ичине жылуулап жатышат. Негизи үйдү ичинен жылуулаганга болбойт. Ошол эле пенаплас, пенаплекс же башка материалдар жыт бөлүп чыгарат. Ал жыттар үйдүн ичине кирет. Андыктан дубалдын сыртынан, полду түбүнөн жылуулаган жакшы болот", — деди Аскарбеков.
Ал үйдү маал-маалы желдетип туруу керек экендигин кошумчалады.