БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Октябрь айында жол кырсыгынан каза болгон вице-премьер Темир Жумакадыровдун келинчеги Нора Сүйүналиева бийликке жана коомчулукка ачык кайрылуу жасады.
Аталган кайрылууну Сүйүналиева өзү жазганын Sputnik Кыргызстан агенттигине бул үй-бүлөнүн досу, КТРК телеканалынын жетекчиси Илим Карыпбеков тастыктады.
"Жашоо татаал экен. Бул дүйнө менен бир убакта үч күчтүү, Ата Мекенин өзгөчө жакшы көргөн патриот Темир, Нурлан, Нурбек аттуу мырзалар кош айтышты. Тагдыр экен, Коопсуздук Кеңештин "Кыргызстандагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча" чечимин ишке ашырууга менин жолдошум, досум, сүйүүм Темир Жумакадыров жооптуу эле, бирок өзү жол кырсыгынан каза болуп калды", — деп жазган Сүйүналиева.
Жумакадыровдун келинчеги бир гана анын жолдошу кабылган жол кырсыктын эмес, башка да жол кырсыгына себепкер, күнөөкөр болгондор тийиштүү жазасын алыш керек деп кошумчалап, ага бийлик жакшылап көңүл бурушу керектигин баса белгилеген.