БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Казакстандын борбору Астана шаарынын акимиаты кызматтык унаалардын ордуна эми таксилерди пайдаланмакчы. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.
“Келерки жылдан тарта Астана акимиаты кызматтык унаалардын ордуна таксиге өтүүнү пландап жатат. Бул бюджеттен бир топ акча каражатын үнөмдөп калат", —деп айтылат маалыматта.
Акимат 2019-жылы кичиавтобустар менен атайын техниканы алууга басым жасары кабарланды.
Учурда Астана башчысы 46 жаштагы Асек Исекешев.