БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тогуз жаштагы тургуну Нурмухаммед Дүйшөнбек уулу президент Сооронбай Жээнбековдон жаңы жылдык белек алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.
![Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тогуз жаштагы тургуну Нурмухаммед Дүйшөнбек уулу президент Сооронбай Жээнбековдон жаңы жылдык белек алды Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тогуз жаштагы тургуну Нурмухаммед Дүйшөнбек уулу президент Сооронбай Жээнбековдон жаңы жылдык белек алды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103712/78/1037127815_0:80:1279:885_600x0_80_0_0_85e516235d355457b9acca96e8546207.jpg)
![Маалыматка караганда, 3-класстын окуучусу Жээнбековду президенттик кызматка келиши менен куттуктап, жаңы жылда велосипед жана телефондуу болгусу келерин жазган Маалыматка караганда, 3-класстын окуучусу Жээнбековду президенттик кызматка келиши менен куттуктап, жаңы жылда велосипед жана телефондуу болгусу келерин жазган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103712/77/1037127792_0:0:1279:804_600x0_80_0_0_ae3f32302a888a4ffccb1198c7891a99.jpg)
![Катка жооп катары өлкө башчы телефон жана таттууларды салып жиберген. Белектерди өкмөттүн Нарын обоусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жеткирип, окуучуга тапшырды. Катка жооп катары өлкө башчы телефон жана таттууларды салып жиберген. Белектерди өкмөттүн Нарын обоусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жеткирип, окуучуга тапшырды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103712/77/1037127797_0:10:1279:815_600x0_80_0_0_f6ca981c98ad0bd566a364eedf9b76d7.jpg)
Маалыматка караганда, 3-класстын окуучусу Жээнбековду президенттик кызматка келиши менен куттуктап, жаңы жылда велосипед жана телефондуу болгусу келерин жазган.
"Катты Нурмухаммеддин апасы Жылдыз Жумакадырова Нарын шаарынан почта аркылуу 14-декабрда борборго салып жиберген экен", — деп айтылат билдирүүдө.
Катка жооп катары өлкө башчы телефон жана таттууларды салып жиберген. Белектерди өкмөттүн Нарын обоусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жеткирип, окуучуга тапшырды.
Нурмухамеддин үй-бүлөсү баланын көңүлүн эске алган президентке ыраазычылык билдирди.