00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Максимальный репост
Проект документа о регуляции работы «удаленщиков»: будет ли он работать на практике
16:09
21 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

WEF: "Ак аюуну" уткан Проценко менен Тилек Жээнбеков беттешмей болду

© Sputnik / Табылды КадырбековОор салмактагы кыргызстандык мушкер Тилек Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Оор салмактагы кыргызстандык мушкер Тилек Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттеш 25-февралда WEF Global 11 турниринин алкагында борбордогу Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Оор салмактагы кыргызстандык мушкер Тилек Жээнбеков менен украиналык Юрий Проценко WEF Global 11 турниринде беттешет. Бул тууралуу аталган федерациянын президенти Руслан Кыдырмышев билдирди.

Публикация от @wef_videos Янв 5, 2018 at 8:54 PST

Беттеш 25-февралда WEF Global 11 турниринин алкагында борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. Анда эки мушкер кеченин башкы беттешинде чемпиондук кур үчүн ат салышат.

Кыдырмышевдин айтымында, Жээнбеков WEF федерациясынан украиналык Юрий Проценко менен беттеш уюштуруп берүүсүн суранган.

Жээнбековдун өзү менен байланышканыбызда Проценко менен оор салмактагы мушкерлердин намысы үчүн беттешип жаткандыгын айтты.

"Баарыңар эле билсеңер керек, бир ай мурда украиналык Юрий Проценко Кыргызстанга келип биздин мушкерибиз Мыктыбек Мамасалиевди жеңип кетти. Жеке мен үчүн Кыргызстандагы оор салмактагы мушкерлердин утулганы катуу тиет. Анын үстүнө өзүмдүн салмагымдагы атаандаш таппай кыйналам. Өзбекстандык мушкер Мурод Хантураевди бир нече жолу беттешке чакырсам келбей койгон. Проценко экөөбүздүн салмагыбыз бир, бирок менин боюм узун. WEF уюмунун өкүлдөрү менен беттеш тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн. Атаандашым биздин сунушту кабыл алды, эми жакшылап даярданышым керек", — деди Жээнбеков.

Украиналык мушкер Ак аюу Мамасалиевди муунтуп салды. Беттештин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Украиналык мушкер "Ак аюу" Мамасалиевди муунтуп салды. Беттештин видеосу
Эске сала кетсек, украиналык Юрий Проценко 2017-жылдын 9-декабрында Бишкекте өткөн JFC MMA-2017 турниринде "Ак аюу" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиевди муунтуу ыкмасы менен утуп алган.

28 жаштагы Тилек Жээнбеков Кыргызстандагы оор салмактагы белгилүү мушкер. Анын бою 197 сантиметр болсо, салмагы 115 килограмм. Панкратион оюндары, самбо боюнча Евразиянын, грэпплинг боюнча Азиянын чемпиону. ММА бир нече эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. Fighter KG клубунун мүчөсү. Машыктыруучулары — Кенжебек Чекиров жана Акжол Ажибеков.

Жаңылыктар түрмөгү
0