БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Өкмөт башчысы Сапар Исаков вице-премьерликке Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматтын жетекчиси Санжар Муканбетовду көрсөтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги ишенимдүү булак билдирди.
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПредседатель Государственной службы регулирования и надзора за финансовым рынком КР Санжар Муканбетов
![Председатель Государственной службы регулирования и надзора за финансовым рынком КР Санжар Муканбетов Председатель Государственной службы регулирования и надзора за финансовым рынком КР Санжар Муканбетов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103716/54/1037165479_0:0:650:886_600x0_80_0_0_8fa6ccbca3b186a7b865c652618184f2.jpg)
Председатель Государственной службы регулирования и надзора за финансовым рынком КР Санжар Муканбетов
Маалыматка ылайык, анын талапкерлиги 9-январда парламенттин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде каралат.
Эгер аны комитет жактырса, акыркы чечим Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кабыл алынат.
Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын төрагалыгына дайындалгандан кийин анын орду — вице-премьерлик бош калган.