БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бүгүн, 12-январда, Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
![Бүгүн, 12-январда, Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү Бүгүн, 12-январда, Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103723/58/1037235883_0:7:1024:651_600x0_80_0_0_be0b42096d600bdef9c885e16c1bc553.jpg)
![Иш-чарага мэриянын, облустук администрациянын өкүлдөрү, ырчынын жакындары, маданият кызматкерлери, жазуучулар, жогорку окуу жайлардын жамааттары, акындар жана шаар тургундары катышты. Иш-чарага мэриянын, облустук администрациянын өкүлдөрү, ырчынын жакындары, маданият кызматкерлери, жазуучулар, жогорку окуу жайлардын жамааттары, акындар жана шаар тургундары катышты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103723/58/1037235888_0:4:1024:648_600x0_80_0_0_5bef404008cec8fac18f5afcc5f8443b.jpg)
Иш-чарага мэриянын, облустук администрациянын өкүлдөрү, ырчынын жакындары, маданият кызматкерлери, жазуучулар, жогорку окуу жайлардын жамааттары, акындар жана шаар тургундары катышты.
"Рыспай Абдыкадыровдун наамын алып жүргөн Ош облустук филармониясынын жанында митинг-реквием өтүп, анын эстелигине гүлчамбар коюлду", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда жарык дүйнөгө келген. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу 200дөн ашуун чыгармалары жараткан.
Залкар талант 1994-жылы 53 жаш курагында көпкө созулган оорудан көз жумган, көзү тирүү болгондо быйыл 77 жашка чыкмак.