БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен миңден ашык кызматкер ар кандай дисциплинардык жазага кириптер болгон. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болгон жыйында билдирди.
Анын айтымында, былтыр 23 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Ал эми ички иштер органында иштөөгө дал келбеген жүрүм-туруму үчүн 13 кызматкер кызматтан кетирилген.
Саркулов ошондой эле учурда аталган кызматта иштегендердин жоопкерчилигин жана профессионалдуулугун арттыруу үчүн аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.