БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкекте 9-10-класстын окуучуларына мектеп рэкетчилиги тууралуу театрлаштырылган пьеса көрсөтүлдү. Бул иш-чара "Балдар биздин келечегибиз" аттуу форумдун алкагында өткөн. Аны Бишкек ШИИБи уюштурду.
Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын театралдык колледжинин студенттери эжесин таарынткан бейбаш баланы бычактап салган окуучунун окуясын көрсөтүп беришкен.
![Бишкекте 9-10-класстын окуучуларына мектеп рэкетчилиги тууралуу театрлаштырылган пьеса көрсөтүлдү. Бишкекте 9-10-класстын окуучуларына мектеп рэкетчилиги тууралуу театрлаштырылган пьеса көрсөтүлдү. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103738/26/1037382621_0:0:2999:1884_600x0_80_0_0_f5a91570fb3d2f59a2f2f20d0b538053.jpg)
![Бул иш-чара Балдар биздин келечегибиз аттуу форумдун алкагында өткөн. Бул иш-чара Балдар биздин келечегибиз аттуу форумдун алкагында өткөн. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103738/26/1037382627_0:74:2999:1959_600x0_80_0_0_b812213bfe0a061984a8bd3b5ddd2d0a.jpg)
![Аны Бишкек ШИИБи уюштурду. Аны Бишкек ШИИБи уюштурду. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103738/26/1037382611_0:115:2999:2000_600x0_80_0_0_6d9be8f77d80905f57af3f51c6599965.jpg)
![Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын театралдык колледжинин студенттери эжесин таарынткан бейбаш баланы бычактап салган окуучунун окуясын көрсөтүп беришкен. Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын театралдык колледжинин студенттери эжесин таарынткан бейбаш баланы бычактап салган окуучунун окуясын көрсөтүп беришкен. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103738/26/1037382605_0:115:3000:2000_600x0_80_0_0_2e799dfa0aba35c79f739eceb99a3664.jpg)
Сценарий боюнча бейбаш бала өзү теңдүүлөрдөн акча чогултуп, кийимдерин тартып алып турган. Балдардын бири акча бере албай калганда анын жаңы спорт бут кийимин алып койгон. Эжеси окуя тууралуу билип, териштирүү үчүн барган.
"Балдар биздин келечегибиз" аттуу Бишкекте өткөн форумга 9-10-класстын 1400дөн ашык окуучусу, ИИМдин, казыяттын жана билим берүү министрлигинин өкүлдөрү катышкан.