БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. 31-январдан тарта кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Франциянын кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу фильмди көрсөтүүгө укук алган Epicentre Films компаниясына шилтеме берип тасманын сопродюсери Алтынай Койчуманова билдирди.
Маалыматка караганда, тасма 30дан ашуун кинотеатрларда көрсөтүлүп, DVD дискке чыгарылуусу күтүлүп жатат.
"Актан Арым Кубат 22-26-январь күндөрү бул өлкөнүн бир нече кинотеартларында бет ачаар алдындагы көрсөтүүлөргө катышты. Кызыгы, Париж шаарында эң мыкты болуп эсептелген Cinema des Cineastes кинозалында тасманы эл алдына "Такси", "Васаби", "Жанна д"Арк" тасмаларынын режиссеру Жерар Кравчик алып чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле "Кентавр" 6-февраль күнү өтө турган Европадагы Азия киносунун Везуль фестивалын жабуучу тасма катары чакыруу алды.
Эске салсак, "Кентавр" Германияда 28-декабрдан тарта көрсөтүлө баштаган. Ал Лейпциг, Дрезден, Гамбург сыяктуу 41 шаардын 47 кинотеатрында көрсөтүлөрү айтылган.