00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:07
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сапар Исаков ТЭЦтеги кырдаалдан улам элден кечирим сурады

Жазылуу
Өкмөт башчы Бишкек жылуулук электр борборунда реконструкция жүргүзүлбөгөндө мындай суукта шаар ичиндеги бардык суу түтүктөрү толугу менен жарылып, иштен чыкмактыгын баса белгилеп кетти

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков ТЭЦтеги түзүлгөн кырдаал боюнча калаа тургундарына кайрылуу жасады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Премьер калаа тургундарынан кечирим сурады.

"Түзүлгөн кырдаал үчүн баарыңыздардан кечирим сурайм жана актангым келбейт. Абал тыкыр иликтөөгө алынат. Бардык күнөөлүү кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жазаланат. Бүгүнкү күндө шаар тургундары үйлөрүн жылытууда электр энергиясын өтө көп керектеп жатышат. Ошонун натыйжасында Бишкек жылуулук тармагына күч келип, анын иши үзгүлтүккө учурады", — деп жазылат өкмөт башчынын кайрылуусунда.

Ошондой эле ал Бишкек жылуулук электр борбору учурдагы абалды жөнгө салууга жетишкенин айтып, эгерде реконструкцияларды жүргүзбөгөндө мындай суукта шаар ичиндеги бардык суу түтүктөрү толугу менен жарылып, иштен чыкмактыгын баса белгилеп кетти.

Демонтаж ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦтин экс-жетекчиси: Жылуулук электр борбору 23 градус суукка ылайыкталган
"Чындыгында түзүлгөн кырдаал бул тармактагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Жалпы энергетикалык сектор реформага, кошумча инвестицияларды тартууга, кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындыгын жогорулатууга муктаждыктын бар экендигин дагы бир ирет көрсөттү. Өкмөт бул ишке артыкчылык катары катуу көңүл бурат. Биз бул секторду реформалоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Учурда бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеп баштады. Шаарды жылуулук менен камсыздоо тутумун тез арада калыбына келтирүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иштер жүрүп жатат", — деп жазылат маалыматта.

Сөз соңунда Исаков калаа тургундарын сабырдуулугу үчүн ыраазычылыгын билдирип кеткен.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде ТЭЦте авария болуп, кубаттуулугу эки эсе төмөндөп кеткен. Бир күндөн кийин өкмөт көйгөй чечилгенин айтканы менен жылуулук берүү калыбына келген эмес. 29-январь күнү дагы бир түтүктөн жарака кеткени белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0