БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Элди Сирияга барууга үгүттөдү деп шектелип кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Шектүү 23-январда колго түшүрүлгөн. Атайын кызматтын маалыматына караганда, 35 жаштагы киши буга чейин жихадды жайылтканы үчүн соттолгон.
![Задержание кыргызстанца, подозреваемого в причастности к вербовке и переправке граждан в зону конфликта в Сирии Задержание кыргызстанца, подозреваемого в причастности к вербовке и переправке граждан в зону конфликта в Сирии - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103762/07/1037620754_0:0:720:846_600x0_80_0_0_a20c2e0a2e493902d4a8772535ee3919.jpg)
Жашаган үйүн тинтүү учурунда диний багыттагы адабияттар менен флэш-карта, дисктер табылган.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жүргүзгөн теологиялык экспертизанын жыйынтыгы табылган материалдар экстремисттик маанайда экенин аныктаган.
УКМКнын тергөө органдары тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 299-2-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, жайылтуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.