БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине ок чыгарып жарадар кылган шектүү изделип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБден билдиришти.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 28-340-беренеси (укук коргоо органдарынын кызматкерин өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаСвердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине ок чыгарып жарадар кылган шектүү
![Подозреваемый в совершении вооруженного нападения на сотрудников УВД Свердловского района Подозреваемый в совершении вооруженного нападения на сотрудников УВД Свердловского района - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103762/74/1037627437_0:0:800:1067_600x0_80_0_0_63247aeff708f2cb5ede9d50971749b1.jpg)
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине ок чыгарып жарадар кылган шектүү
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
"Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун 31 жаштагы тургуну Шатманов Тилек Сулайманович изделип жатат. Ал 2018-жылдын 2-февралында Свердлов райондук ИИБдин кызматкерине ок чыгарып жарадар кылган", — деп айтылат маалыматта.
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаСвердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине ок чыгарып жарадар кылган шектүү
![Подозреваемый в совершении вооруженного нападения на сотрудников УВД Свердловского района Подозреваемый в совершении вооруженного нападения на сотрудников УВД Свердловского района - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103762/74/1037627432_0:0:750:1075_600x0_80_0_0_7f23b05b34a6a5b71f3390363bda3334.jpg)
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине ок чыгарып жарадар кылган шектүү
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Бул адам кайда жүргөнү тууралуу маалыматы бар жарандар 0(312)43-71-75, 0552 91-80-52, 0551 10-24-25 номурлары аркылуу ички иштер органдарына кабарлай алышат. Ошондой эле "102" номуру аркылуу дагы чалуулар кабыл алынат. Маалыматтын купуялуулугуна кепилдик берилет.
Милиция кызматкерине 5-январда дагы кол салуу болгон. Кичи райондордун биринде психдиспансерде каттоодо турган киши чакырууга барган милициянын майорунун курсагына бычак сайган.