БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкек — Ала-Тоо совхозу жолунда бүгүн саат 16.00дөр чамасында жол кырсыгы катталып, айдоочу каза болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.
© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуДТП со смертельным исходом на трассе Бишкек — совхоз "Ала-Тоо"
![ДТП со смертельным исходом на трассе Бишкек — совхоз Ала-Тоо ДТП со смертельным исходом на трассе Бишкек — совхоз Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103806/72/1038067263_0:0:780:1040_600x0_80_0_0_8db7e43008e844899ab9857cf5ddc511.jpg)
ДТП со смертельным исходом на трассе Бишкек — совхоз "Ала-Тоо"
© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Анын айтымында, унаа катуу ылдамдык менен келип даракты сүзгөн. Унаа ичинде 20 жаштагы айдоочу досу экөө болгон.
"Балдар Ала-Тоо совхозу тарабынан Бишкекти көздөй бара жатып, айдоочу унааны башкара албай даракты сүзгөн. Алган жаратынан Тез жардам кызматы келгенге чейин каза болгон", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми жүргүнчү катуу жаракат алып, Чүй облустук ооруканага жеткирилгени кошумчаланды.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.