БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкекте эркек кишини күч колдонуп унаага ичинен бычак такап акча талап кылган деген шек менен үч адам кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар кечээ, 9-мартта, жабырлануучунун төрт миң сом акчасын карактап кеткен.
![Разбой в Бишкеке Разбой в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103809/31/1038093173_0:0:809:1080_600x0_80_0_0_bdbaf70afe64b3d4dea81f0e5299ce0e.jpg)
"Каракчылык боюнча 102 номерине маалымат түшөрү менен мобилдик батальондун экипажы жөнөп кетти. Жабырлануучунун арызынын негизинде кылмышкерлердин сары изине түшүп үч кишини кармады", — дешти милициядан.
Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аталган кылмышка шерик болгондорду жана кармалгандардын башка дагы кылмыштарга тиешеси бар-жогун тактап жатат.
Өткөн айда дагы Бишкекте жети дүкөнгө кол салган деген шек менен мурда соттолуп чыккан үч киши кармалган.