БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Талас облусунун бийик тоолорунда байырлаган ак илбирс фотокапканга түшүп калды. Бул тууралуу Жаныбарларды коргоо боюнча Panthera Kyrgyzstan фондусунун директору Заирбек Кубанычбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын декабрь айында Бакай-Ата районунун Күмүштак тоолоруна фотокапкан орнотулган. Жабдуу ак илбирстин бул аймактарда байырлай тургандыгын аныктоо үчүн коюлган.
![Талас облусунун бийик тоолорунда байырлаган ак илбирс фотокапканга түшүп калды Талас облусунун бийик тоолорунда байырлаган ак илбирс фотокапканга түшүп калды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103812/05/1038120578_0:195:1709:1270_600x0_80_0_0_eabec10733c6fc974102d14a84521bed.jpg)
![2017-жылдын декабрь айында Бакай-Ата районунун Күмүштак тоолоруна фотокапкан орнотулган. 2017-жылдын декабрь айында Бакай-Ата районунун Күмүштак тоолоруна фотокапкан орнотулган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103812/05/1038120567_0:235:1929:1447_600x0_80_0_0_7c48214ec8a95d35f9c03684c39c1102.jpg)
![Жабдуу ак илбирстин бул аймактарда байырлай тургандыгын аныктоо үчүн коюлган. Жабдуу ак илбирстин бул аймактарда байырлай тургандыгын аныктоо үчүн коюлган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103812/05/1038120588_0:102:3483:2292_600x0_80_0_0_7a0947d896f440c6e2b48af4f7920c4a.jpg)
Кубанычбековдун айтымында, жоголуп бараткан жаныбарды коргоо иши мындан ары дагы улантылат.
"Биздин кызматкерлер январь айында текшерүүгө чыгып өлүп калган текени табышкан. Анын жанына фотокапка орнотулган. Ошол учурда азыктанганы келген ак илбирс сүрөткө түшүп калган. Негизинен жабдыктар алардын Таласта бар-жогун аныктоо үчүн коюлууда. Эми анын негизинде жаныбардын жашаган жерин, алар жей турган жандыктарды коргоо иштери жакшыртылат", — деди Кубанычбеков.
Сүрөткө ак илбирс март айынын башында түшкөн.