БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы "Чайна Петроль Компани Жунда" нефть иштетүүчү компаниясына убактылуу ижарага берилген жерде жайгашып тарыхый-маданий мурас болгон көрүстөндөр бузулуп, жок болуп кетүү коркунучунда турат. Бул туурасында Мамлекеттик экотехинспекциянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө караганда, аталган ишкана Жер кодексинин жана "Тарыхый-маданий мурастарын колдонуу жана коргоо" боюнча талаптарды одоно бузууда. Мыйзамга ылайык, тарыхый мурастар жайгашкан жерлердин коргоо тилкелеринде курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
![Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Чайна Петроль Компани Жунда нефть иштетүүчү компаниясына убактылуу ижарага берилген жерде жайгашып тарыхый-маданий мурас болгон көрүстөндөр бузулуп, жок болуп кетүү коркунучунда турат. Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Чайна Петроль Компани Жунда нефть иштетүүчү компаниясына убактылуу ижарага берилген жерде жайгашып тарыхый-маданий мурас болгон көрүстөндөр бузулуп, жок болуп кетүү коркунучунда турат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103814/12/1038141252_0:43:2302:1489_600x0_80_0_0_01a6c48db9106a8e0acf47652f35ebd7.jpg)
![Аталган ишкана Жер кодексинин жана Тарыхый-маданий мурастарын колдонуу жана коргоо боюнча талаптарды одоно бузууда. Аталган ишкана Жер кодексинин жана Тарыхый-маданий мурастарын колдонуу жана коргоо боюнча талаптарды одоно бузууда. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103814/12/1038141262_0:95:2485:1657_600x0_80_0_0_76dcd1d0d9f53e90b4f0d8b2bf819b19.jpg)
![Мыйзамга ылайык, тарыхый мурастар жайгашкан жерлердин коргоо тилкелеринде курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Мыйзамга ылайык, тарыхый мурастар жайгашкан жерлердин коргоо тилкелеринде курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103814/12/1038141278_0:89:2339:1560_600x0_80_0_0_23fe3b7deb69d20bd2c705002b6b3fc6.jpg)
![Жунда заводунун жетекчилигине тарыхый көрүстөндөрдү бекитилген долбоордун негизинде тосмолор менен курчап, мыйзам талабына келтирүү боюнча бир нече ирет көрсөтмө берилген. Жунда заводунун жетекчилигине тарыхый көрүстөндөрдү бекитилген долбоордун негизинде тосмолор менен курчап, мыйзам талабына келтирүү боюнча бир нече ирет көрсөтмө берилген. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103814/12/1038141220_0:87:2277:1518_600x0_80_0_0_1ca7fe99c10ef44ee505016cd9681db7.jpg)
![Бирок коюлган талаптар бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келет. Анын кесепетинен биздин заманга чейинки V-III кылымдарга таандык тарыхый мурас катары эсептелинген коргондор четинен талкаланууда. Бирок коюлган талаптар бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келет. Анын кесепетинен биздин заманга чейинки V-III кылымдарга таандык тарыхый мурас катары эсептелинген коргондор четинен талкаланууда. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103814/12/1038141201_0:75:2190:1453_600x0_80_0_0_3197881fae79a418b762ac8d1d9d52bc.jpg)
"Жунда" заводунун жетекчилигине тарыхый көрүстөндөрдү бекитилген долбоордун негизинде тосмолор менен курчап, мыйзам талабына келтирүү боюнча бир нече ирет көрсөтмө берилген. Бирок коюлган талаптар бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келет. Анын кесепетинен биздин заманга чейинки V-III кылымдарга таандык тарыхый мурас катары эсептелинген коргондор четинен талкаланууда. Ошондой эле аталган чөлкөмдүн жер кыртышы бузулуп, экологияга зыян алып келүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу Мамэкотехинспекциянын Жерлерди коргоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекторлору аталган "Чайна Петроль Компани Джунда" нефть иштетүүчү компаниясынын жер кыртышын бузуп жана мыйзамдарды сактабагандыгы боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берет.