БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы коомдук транспорттун айдоочулары бирдей форма киерин шаардык Транспорт башкармалыгынан билдиришти.
Ага ылайык, айдоочуларга фирманын аты жана Бишкек шаарынын символу түшүрүлгөн күрмө берилет.
![Единая форма для водителей маршрутки в Бишкеке Единая форма для водителей маршрутки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103815/64/1038156415_0:0:1000:1173_600x0_80_0_0_23e34345c3209356eb56d000ad5a9519.jpg)
Форманы биринчилерден болуп №: 100, 101, 147, 192, 193 маршруттук таксилердин айдоочулары кийди. Ошондой эле троллейбус менен автобустардын айдоочуларына да жыл мезгиле жараша форма берүү каралууда.
![Единая форма для водителей маршрутки в Бишкеке Единая форма для водителей маршрутки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103815/64/1038156420_0:0:1080:607_600x0_80_0_0_3b0d5ff080aebdc483778fc5bd87f708.jpg)
"Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган коомдук транспорттун айдоочуларын тийиштүү форма менен камсыздоо авто ишканалардын жетекчилеринин бардыгына тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.
Андан сырткары айдоочулардын тышкы көрүнүшүн көзөмөлгө алуу тапшырылды. Ага ылайык, кийимдер консервативдик-классикалык түрдө болушу кажет жана ишке спорттук күрмөчөн жана спорттук бут кийимчен чыгууга жол берилбейт.