![Принудительный спуск лавин на автодороге Бишкек — Ош Принудительный спуск лавин на автодороге Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103817/38/1038173858_0:0:0:0_600x0_80_0_0_1e94648ad0992bcb5eb9662dcfb68d02.jpg)
Бишкек — Ош трассасынын үч участкасында атайылап кар көчкү түшүрүлүп жатканын ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Мындай иштерди аткарууга Куралдуу күчтөр башкы штабынын артиллериялык жабдыктары тартылган.
Кечээ, 13-март күнү, саат 22.40та Чычкан капчыгайынын аймагында 2,5 миллион куб метр кар көчкү түшкөн. Анын узундугу — 250, туурасы — 200, ал эми бийиктиги — 50 метрге жеткен.
Жолду 40тан ашуун куткаруучу менен төрт техника тазалап жатат. Жабырлануучулар жок. Алдын ала маалыматтар боюнча Бишкек — Ош жолу үч күнгө жабылды.