БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышуу үчүн Боспиек айылына баргандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
![Премьер-министр Сапар Исаков Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышуу үчүн Боспиек айылына баргандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти Премьер-министр Сапар Исаков Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышуу үчүн Боспиек айылына баргандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103820/51/1038205129_0:23:1600:1028_600x0_80_0_0_5187bfc17f9ed77a90e32698fd277b3a.jpg)
![Исаков 2002-жылы дал ошол жерде авторитардык бийликтин карапайым калкка ок жаадырганына токтолду Исаков 2002-жылы дал ошол жерде авторитардык бийликтин карапайым калкка ок жаадырганына токтолду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103820/51/1038205134_117:0:1600:932_600x0_80_0_0_534196681eaf1788c138b222a916a0e6.jpg)
![Сөзүнүн аягында премьер-министр элдин колдоосу жок эч бир бийликтин иши жүрбөстүгүн белгилеп өттү Сөзүнүн аягында премьер-министр элдин колдоосу жок эч бир бийликтин иши жүрбөстүгүн белгилеп өттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103820/51/1038205123_24:0:1581:979_600x0_80_0_0_848632aa7a9b562df2f737e66c155569.jpg)
![Эскерүү иш-чарасына президенттин аппарат жетекчиси Мухаммедкалый Абулгазиев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев дагы катышты. Эскерүү иш-чарасына президенттин аппарат жетекчиси Мухаммедкалый Абулгазиев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев дагы катышты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103820/51/1038205117_0:0:1599:1004_600x0_80_0_0_6eea71a85618bbf5e24752300c646860.jpg)
Исаков 2002-жылы дал ошол жерде авторитардык бийликтин карапайым калкка ок жаадырганына токтолду.
"Бүгүн мамлекеттин келечеги үчүн курман болгон эр-азаматтарды эскерип отурабыз. Алар сырткы душмандын колунан эмес, бийликтин колунан каза табышкан. Өзүбүздүн бийликтин өз элине каршы чыккандыгы баарыбызды катуу өкүндүрөт", — деди өкмөт башчы.
Сөзүнүн аягында премьер-министр элдин колдоосу жок эч бир бийликтин иши жүрбөстүгүн белгилеп өттү.
Эскерүү иш-чарасына президенттин аппарат жетекчиси Мухаммедкалый Абулгазиев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев дагы катышты.