Sputnik Кыргызстан агенттиги көпчүлүк кызыгып жаткан Гүлназ Өмүрбек кызы менен байланышып өзү тууралуу кыскача маалымат алды.
Туулган жери. Гүлназ Өмүрбек кызы 1993-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылында төрөлгөн. Алты бир туугандын экинчиси.
![Член организационного отдела СДПК Гулназ Омурбек кызы Член организационного отдела СДПК Гулназ Омурбек кызы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103845/56/1038455633_0:0:864:1080_600x0_80_0_0_12e66c61a5bd440cd9ac3f1dfc05aeae.jpg)
Билими. 2010-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамилелер институтуна тапшырган. Кесиби боюнча дипломат.
![Член организационного отдела СДПК Гулназ Омурбек кызы Член организационного отдела СДПК Гулназ Омурбек кызы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103845/56/1038455620_0:0:934:700_600x0_80_0_0_2a424b074d1fa50e6270aa9fd4f02148.jpg)
Иш тажрыйбасы. 2011-жылы, 1-курстун студенти кезинде эле КСДП партиясына жөн гана мүчө болуп кирген. Андан соң шайлоолордо үгүт иштерине катышып жүрүп, 2013-жылы КСДПнын Ленин райондук кеңешине мүчө болгон. Учурда саясий партиянын уюштуруу бөлүмүндө эмгектенет.
![Член организационного отдела СДПК Гулназ Омурбек кызы Член организационного отдела СДПК Гулназ Омурбек кызы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103845/56/1038455612_0:0:800:968_600x0_80_0_0_ebb0d40a23bf40ae6b2028bbe9360d5c.jpg)
Атамбаевдин жанына туруп калышы боюнча. "Биздин партияда жаштарга өзгөчө көңүл бурулат. Мындан улам съездде экс-президенттин жанына жаштарды тургузууну туура көрүшүп, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, партиянын мүчөсү Жаныбек Абиров экөөбүздү алдыңкы катарга, Алмазбек Атамбаевдин жанына отургузушту", — деди Өмүрбек кызы.
![Закрытое заседание фракции СДПК Закрытое заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103844/59/1038445966_0:0:4898:3265_600x0_80_0_0_3ccdf0b4323e48dce8c1644a0bfba48d.jpg)
Партиядан тышкары. Гүлназ Өмүрбек кызы партиянын жумушунан сырткары чакан ишкерлик менен алектенет. Тагыраагы, кийим-кечек алып-сатып иштейт.
Үй-бүлөлүк абалы. Турмушка чыга элек.
![Член организационного отдела СДПК Гулназ Омурбек кызы Член организационного отдела СДПК Гулназ Омурбек кызы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103845/56/1038455606_0:0:1042:1080_600x0_80_0_0_d7c359458570b573c964363e3254a078.jpg)
Эске салсак, КСДПнын кезектеги курултайы кечээ, 31-мартта, борбор калаадагы бизнес борборлорунун биринде өтүп, ага журналисттер киргизилген жок. Съездге чогулгандар Алмазбек Атамбаевди бир добуштан КСДПнын төрагалыгына шайлады.
КСДП — Кыргызстандагы ири саясий бирикмелердин бири. 1993-жылы 1-октябрда Атамбаевдин демилгеси менен түптөлгөн.
Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын өткөргөн съезди жана Алмазбек Атамбаевдин журналисттерге өткөргөн брифинги туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин тесттик трансляциясынан окуңуздар.