БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Борбор калаада коомдук транспорт боюнча кырдаалга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев "Бири-бирибизге жардам берели" аттуу акция баштаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине эл өкүлүнүн жардамчысы Санжар Мамбетов билдирди.
Маршрутка айдоочулары 1-апрелден тарта кирген жаңы талаптарга каршы болуп жана камсыздандыруу полисинен баш тартууну талап кылышууда. Ал эми 2-апрелде айдоочулардын басымдуу бөлүгү жапырт түрдө иш таштаган.
![Борбор калаада коомдук транспорт боюнча кырдаалга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бири-бирибизге жардам берели аттуу акция баштады Борбор калаада коомдук транспорт боюнча кырдаалга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бири-бирибизге жардам берели аттуу акция баштады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103846/92/1038469277_0:32:1031:681_600x0_80_0_0_3d8a88d6930cd54acafeedb014b1faf6.jpg)
![Маршрутка айдоочулары 1-апрелден тарта кирген жаңы талаптарга каршы болуп жана камсыздандыруу полисинен баш тартууну талап кылышууда. Маршрутка айдоочулары 1-апрелден тарта кирген жаңы талаптарга каршы болуп жана камсыздандыруу полисинен баш тартууну талап кылышууда. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103846/92/1038469283_0:119:1039:772_600x0_80_0_0_57b4a611e9631b5bc2ef483798d8413c.jpg)
Акциянын алкагында жеңил автоунаалардын маңдайкы терезесине маршруттук таксинин номери жазылат жана жүргүнчүлөрдү ошол багыт боюнча бекер ташыйт.
Мамбетов бардык айдоочуларды иш-чарага катышууга үндөп, жардам берүүгө чакырды.
Акцияга катышууну каалап, бирок мүмкүнчүлүгү жокторго саат 16:00дө эски аянтта чогулуш болуп, бекер май (же талон) жана номерлер берилет.
Учурда иш таштаган айдоочулардан улам калаада эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар.