БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-бөлүмүнүн жетекчиси Дамир Мусакеев кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНачальник 9-й службы ГКНБ Дамир Мусакеев
![Начальник 9-й службы ГКНБ Дамир Мусакеев Начальник 9-й службы ГКНБ Дамир Мусакеев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103850/03/1038500394_0:0:1742:2175_600x0_80_0_0_6b145c3bb94fd07a36285da2952b91ef.jpg)
Начальник 9-й службы ГКНБ Дамир Мусакеев
Ага ылайык, Мусакеев берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.
Мусакеев УКМКнын 9-кызматына 2016-жылы 1-июнда дайындалган. Ага чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жеке жансакчысы болгон.
УКМКнын 9-кызматы президент, өкмөт башчы, Жогорку Кеңештин жана Жогорку Соттун төрагалары өңдүү мамлекет жетекчилердин, стратегиялык маанидеги объектилердин коопсуздугуна жооп берет.