БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун жакындары, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президент ошондой эле кыргызстандыктар Элдик апрель революциясынын баатырларын эч качан унутпай турганын айтты.
![Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун жакындары, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун жакындары, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103852/73/1038527357_0:0:1600:1004_600x0_80_0_0_d52664b3820c83b2f4d0165ece878ef3.jpg)
![Жээнбеков өз сөзүндө 7-апрелде курман болгондор эскерилип, үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун кыйрашы, эркиндиктин салтанаты майрамдала турганын айтты. Жээнбеков өз сөзүндө 7-апрелде курман болгондор эскерилип, үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун кыйрашы, эркиндиктин салтанаты майрамдала турганын айтты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103852/73/1038527397_0:0:1599:1005_600x0_80_0_0_86732ca08b8daa28f9ca748b988ea68b.jpg)
![Андан сырткары, 2010-жылдын 7-апрели кыргыз элине эркиндикке жана өнүгүүгө карай жол ачкан тарыхый окуя болгонун белгиледи. Андан сырткары, 2010-жылдын 7-апрели кыргыз элине эркиндикке жана өнүгүүгө карай жол ачкан тарыхый окуя болгонун белгиледи. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103852/74/1038527402_0:0:1600:1004_600x0_80_0_0_5ad65c7c43b281f18d76e7e314c2bf1f.jpg)
![Президент ошондой эле кыргызстандыктар Элдик апрель революциясынын баатырларын эч качан унутпай турганын айтты. Президент ошондой эле кыргызстандыктар Элдик апрель революциясынын баатырларын эч качан унутпай турганын айтты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103852/74/1038527407_0:69:1600:1074_600x0_80_0_0_cec4fe2047ddc6359685d4aaaaab6862.jpg)
![Жолугушуунун соңунда жарым жыл сайын ушундай жолугушууларды өткөрүп туруу макулдашылды. Жолугушуунун соңунда жарым жыл сайын ушундай жолугушууларды өткөрүп туруу макулдашылды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103852/74/1038527414_0:0:1600:1004_600x0_80_0_0_2fbecbb650d3337b9f4d519ae6db7995.jpg)
"Үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы күрөштүн башатында турган адам катары мен 2010-жылдын апрелиндеги жеңиш кандай оорчулук менен келгенин билем. Ошондуктан президент катары мен үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербейм деп кепилдик берем. Көптөгөн адамдар өлкөдө кайрадан айрым саясий топтордун кызыкчылыктары үстөмдүк кылышын каалай турганын билем, бирок мен ага эч убакта жол бербейм. Биздин өлкөбүздө парламенттик демократия өнүгүшү үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Биздин келечегибиз ушуга байланыштуу болот", — деди Жээнбеков.
Жолугушуунун соңунда жарым жыл сайын ушундай жолугушууларды өткөрүп туруу макулдашылды.