БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Окурмандар Sputnik Кыргызстандын WhatsApp-каналына Некрасов-Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде сол жагында эшик, терезеси жок жеңил автоунаа кетип бараткандыгын тартып алып, сүрөт жана видеосун кошо салган.
Маалыматта бул окуя 6-апрелде болгондугу жана автоунаанын төбөсүндө "37" деп аталган такси компаниясынын белгиси орнотулгандыгы айтылган.
Аталган компаниядан бул видеону көргөндүктөрүн айтышты.
"Текшерип чыктык, бизде андай номерлүү автоунаа катталбаптыр", — дешти аталган компаниядан.
Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Бишкек шаардык бөлүмүнөн аталган унаанын айдоочусу изделип жаткандыгын билдиришти.
![Окурмандар Sputnik Кыргызстандын WhatsApp-каналына Некрасов-Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде сол жагында эшик, терезеси жок жеңил автоунаа кетип бараткандыгын тартып алып, сүрөт жана видеосун кошо салган Окурмандар Sputnik Кыргызстандын WhatsApp-каналына Некрасов-Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде сол жагында эшик, терезеси жок жеңил автоунаа кетип бараткандыгын тартып алып, сүрөт жана видеосун кошо салган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103856/69/1038566936_0:85:704:528_600x0_80_0_0_c5aa11bc43e5c2a0b591a2f86c38151e.jpg)
![Маалыматта бул окуя 6-апрелде болгондугу жана автоунаанын төбөсүндө 37 деп аталган такси компаниясынын белгиси орнотулгандыгы айтылган. Маалыматта бул окуя 6-апрелде болгондугу жана автоунаанын төбөсүндө 37 деп аталган такси компаниясынын белгиси орнотулгандыгы айтылган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103856/69/1038566941_0:12:705:455_600x0_80_0_0_eb79868abaef624835ef50eb9c1abd9a.jpg)
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Бишкек шаарында таксист болуп, элди бекер ташыганы боюнча колумнистика жазды.