00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:08
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Антарктиданы багындырган биринчи кыргыз. Окумуштуу Айдаралиев тууралуу 6 факты

© Фото / из личного архива Асылбека АйдаралиеваАКШ, Россия, Казакстан жана Украинада кесипкөй адис катары эмгектенген окумуштуу Асылбек Айдаралиев. Архив
АКШ, Россия, Казакстан жана Украинада кесипкөй адис катары эмгектенген окумуштуу Асылбек Айдаралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ, Россия, Казакстан жана Украинада кесипкөй адис катары эмгектенген окумуштуу Асылбек Айдаралиев 77 жашка толду. Өмүрүн илимге арнап, эл аралык аренада өзүн тааныта алган изилдөөчү азыр дагы үзүрлүү эмгектенип келет.

Антарктиданын тоолорун кезип, космонавттардын саламаттыгын текшерген илимпоз тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактыларды сунуштайт.

© Фото / из личного архива Асылбека АйдаралиеваАкадемик Айдаралиев мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова жана атактуу жазуучу Чынгыз Айтматов менен
Президент МУК, академик НАН КР Асылбек Айдаралиев  - Sputnik Кыргызстан
Академик Айдаралиев мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова жана атактуу жазуучу Чынгыз Айтматов менен

Министрдин баласы

Асылбек Айдаралиев 1941-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында дарыгердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Мектепти Фрунзе шаарында аяктап классташы Болот Шамшиев менен Бүткүл союздук кинематография институтуна тапшырат, бирок Айдаралиев өтпөй калат. Ошондуктан борбор калаадагы медициналык окуу жайда билим алып калат. Ошол учурда Саламаттык сактоо министри болуп иштеген атасы аны өз алдынча болсун деп Алматы шаарына которуп жиберет. Бешинчи курсунда Кыргызстанга которулуп мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык менен бүтүргөн.

© Фото / из личного архива Асылбека АйдаралиеваОкумуштуу 1993-жылы Кыргызстандагы эл аралык университетти негиздеген
Президент МУК, академик НАН КР Асылбек Айдаралиев  - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуу 1993-жылы Кыргызстандагы эл аралык университетти негиздеген

26 жашында илимдин кандидаты

Жаш дарыгер кесипкөйлүгүн жакшыртып, илимий дараметин жогорулатуу үчүн Киев шаарындагы медициналык жогорку окуу жайында биофизика боюнча аспирантурада окуйт. Ошол эле маалда студенттерге сабак берип 26 жашында илимдин кандидаты болот. ЖОЖду бүткөндөн кийин ал жакта иштеп калуу сунушталат. Ал ага карабай мекенине кайтып келет. Кыргызстанда бийик тоолуу аймактарга организмдин адаптациясы жөнүндө изилдөөлөрдү жүргүзөт.

Космонавттарды изилдеген Айдаралиев

Физиолог 36 жашында космикалык жана авиациялык медицина боюнча докторлугун Москвада жактап анын изилдөөсүнүн жыйынтыктары жогорку суроо-талап менен колдонулган. Анткени ал кезде СССР менен АКШнын космонавтика боюнча жарышы күчөп турган кез болгон. Баса белгилей кетчү жагдай, кийин 1983-жылы 20дан ашык космонавтты Кыргызстанга чакыртып изилдөө иштерин Фрунзеде өткөргөн.

© Фото / из личного архива Асылбека АйдаралиеваКыргызстандык физиолог америкалык жана россиялык кесиптештери менен Антарктидага бир нече жолу экспедицияга барган
Президент МУК, академик НАН КР Асылбек Айдаралиев  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык физиолог америкалык жана россиялык кесиптештери менен Антарктидага бир нече жолу экспедицияга барган

Антарктидадагы биринчи кыргыз

Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Иш сапарга үч киши менен кеткен өкмөт башчы. Жумабек Ибраимов тууралуу 7 факты
Фрунзе шаарында иштеп жүргөн кезинде аны СССР Илимдер академиясынын вице-президенти Россияга жумушка чакырып, ага Түндүктүн биологиялык көйгөйлөрү институтун жетектөө милдети жүктөлөт. Ал кыргыз окумуштуулардын арасында биринчилерден болуп 1979-жылы Антарктидага экспедицияга катышат. Жаратылышы катаал аймакта жашаган адамдардын ден соолугун текшерип, кандай кыйынчылыктарга учурай тургандыгын такташкан. Бул иштер Антарктиданы өздөштүрүү иштеринин негизинде аткарылган. Анткени ошол кездеги бийлик үчүн ал маанилүү маселелердин бири болгон. Союз тарагандан кийин дагы Айдаралиев "Арктика" эл аралык илимий-изилдөө борборунун директору болуп, россиялык жана америкалык кесиптештери менен биргеликте изилдөө иштерин уланткан.

Жаратман окумуштуу

Дүйнөлүк деңгээлдеги ЖОЖдордун ардактуу профессору, 200дөн ашык илимий эмгектин автору жана ондогон илимдин кандидатын жана докторун өстүргөн. Ал 1993-жылы миңдеген жаштар билим алып жаткан Кыргызстандагы эл аралык университетин негиздеген. Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер 80 жашка жакындап калганына карбай аталган окуу жайда иштеп келет.

© Фото / из личного архива Асылбека АйдаралиеваАйдаралиевдин уулу Арсен медицина илимдеринин доктору, кызы Гүлнара дагы ата-энесинин жолун жолдогон
Президент МУК, академик НАН КР Асылбек Айдаралиев  - Sputnik Кыргызстан
Айдаралиевдин уулу Арсен медицина илимдеринин доктору, кызы Гүлнара дагы ата-энесинин жолун жолдогон

Дарыгерлердин үй-бүлөсү

Илимпоздун жубайы педиатор болуп көп жыл эмгектенген. Асылбек Айдаралиевдин балдары дагы ата жолун улаган. Уулу Арсен Айдаралиев медицина илимдеринин доктору, ректор болсо, кызы Гүлнара дарыгер болуп жеке клиникада иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0