00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Баткенде кыргыз-өзбек чек арасындагы чырдан бир адам ооруканага түштү. Чоо-жайы

© AP Photo / Eric GayЧек ара. Архив
Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 9-апрель күнү Сох дарыясындагы "Ширеч" насостук станциясында болгон.

БАТКЕН, 11-апр. – Sputnik. Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен Баткен облусунун Суу-Башы айыл өкмөтүндөгү кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыгып, бир жергиликтүү жашоочу ооруканага түштү. Бул маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова тастыктады.

Анын айтымында, окуя 9-апрель күнү саат 14:00дө чамасында Сох дарыясындагы "Ширеч" насостук станциясында болгон.

Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР жаранынын атылышы: кыргыз-өзбек чек ара кызматтарынын башчылары Ташкентте жолукту
"Аталган насостук станцияга келген төрт өзбек жараны менен станциянын күзөттө турган жергиликтүү жашоочу Адимжан Мансуровдун ортосунда чыр чыгып, мушташка айланган. Күзөтчү алган жараатынан улам Сох районунун ооруканасына жеткирилген. Ал эми окуя болгон жерге ошол замат милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү барып, кырдаалды көзөмөлгө алышкан. Жабыркаган Мансуров Сох ооруканасынан Баткен облустук ооруканасына которулду. Окуя болгон жерге жергиликтүү эл чогулган жок, ок чыккан эмес", — деди Бердикулова.

Ал ошондой эле күзөттө турган Мансуровго кол көтөргөн Өзбекстандын жарандары Сох районунун милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

"Баткен районунун акими Кеңеш Салихов менен Өзбекстандын Сох районунун башчысы Фарух Ганиев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушуп, эки тарап тең чек аралаш аймакта жашаган жергиликтүү элди тынчтыкка чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү", — деди Бердикулова.

Ал Сох райондук милициясы тергелип жаткан иш боюнча Баткен райондук прокуратурасына жана ички иштер башкармалыгына маалымат бериле тургандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0