БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы Айтматов көчөсүн оңдоо иштеринин алкагында "Чыгыш-5" кичирайонунда жайгашкан 98 гараж алып салынганын мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, муниципалдык жерди бошотуу үчүн гараж ээлери арасында түшүндүрүү иштери жүргөн. Натыйжада мамлекетке 450 чарчы метр аянт кайтарылган.
Мэрия шаардын борбордук көчөлөрүндөгү кыймылды азайтуу үчүн жол курула турчу жерде өзүм билемдик менен курулган объектилерди алуу иштери улантыла турганын кошумчалады.
Ушу тапта реконструкциялоо максатында шаардагы бир топ көчө жабылган. Тургундардын ыңгайлуулугу үчүн Sputnik Кыргызстан ал көчөлөрдүн картасын түзүп чыкты.