БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Казакстанда аялдар арасынан чыккан алгачкы аскер учкучу, лейтенант Ардана Ботай биринчи жолу өз алдынча учту. Бул тууралуу өлкөнүн Коргонуу министрлигине шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
© Фото / Министерство обороны РККазакстанда аялдар арасынан чыккан алгачкы аскер учкучу, лейтенант Ардана Ботай
![Старший летчик инструктор лейтенант министерства обороны Казахстана Ардана Ботай Старший летчик инструктор лейтенант министерства обороны Казахстана Ардана Ботай - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103865/98/1038659804_0:0:3084:2053_600x0_80_0_0_c0ccc534db8387e5aa0fd44cbd8a3f86.jpg)
Казакстанда аялдар арасынан чыккан алгачкы аскер учкучу, лейтенант Ардана Ботай
© Фото / Министерство обороны РК
"Биз биринчиден, жаш учкучтарды жоопкерчиликке, чыдамкайлыкка жана ар кандай оор кырдаалдарда туура чечим кабыл алууга үйрөтөбүз. Ардана Ботай мойнуна коюлган милдетти толугу менен аткара алды", — деди жаш учкучту даярдаган эскадрилья командири Самат Мукаев.
Анын айтымында, учкучтун алгачкы өз алдынча учуусу анын карьерасында эң маанилүү учурлардын бири.