БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкөнүн көпчүлүк райондорунда жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-апрелде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Аба ырайынын температурасы Чүй, Таласта 10…15 градус жылыса, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 14…19 градус нөлдөн жогору болору күтүлүүдө. Ал эми Ысык-Көл менен Нарында термометр 13…18 градусту көрсөтөт.
Бишкек менен Ош калаасында жамгыр жаап, 13…19 градус жылуу болот.