Кызыгы, биздин каарман ийне көзүн карабаса, жаңыча нерсе жаратпаса кыжалат боло баштайт. Түймө түйөт, бисерден, гезит-журнал барактарынан ар кандай кооз буюмдарды жасайт жана курак курап, төшөк тигет.
![Кол өнөрчү, Балыкчы шаарынын жашоочусу Анара Курманалиева Кол өнөрчү, Балыкчы шаарынын жашоочусу Анара Курманалиева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103868/02/1038680209_81:0:1226:719_600x0_80_0_0_b9a66748240d694f508009fbd2ceea3f.jpg)
![Анын кол өнөрчүлүккө кызыгуусу 13 жашында ойгонгон Анын кол өнөрчүлүккө кызыгуусу 13 жашында ойгонгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103868/02/1038680214_94:0:1239:719_600x0_80_0_0_917a50677699a55f69f493e46c3bc263.jpg)
![Байпак, башмак, жемпирлердин түрү колунан чыгат Байпак, башмак, жемпирлердин түрү колунан чыгат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103868/01/1038680198_67:0:1212:720_600x0_80_0_0_a11e0f673cf87a3dd632cc991fb963e8.jpg)
![Ал бисер-гүлдү жасаганга канча убакыт кетээрин айтып берди Ал бисер-гүлдү жасаганга канча убакыт кетээрин айтып берди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103868/01/1038680193_72:0:1217:719_600x0_80_0_0_611c00e60cafe04cb3f345f8186975b2.jpg)
![Курманалиева буга чейин болжол менен 150дөн ашык бисер буюм тизгендигин кошумчалады. Курманалиева буга чейин болжол менен 150дөн ашык бисер буюм тизгендигин кошумчалады. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103868/01/1038680188_93:0:1238:720_600x0_80_0_0_e0ba878fe0649f7de16f64b4bdf08d32.jpg)
Биз Анара Курманалиеваны кепке тартып, көп эмгекти талап кылган чыгармачылыгы тууралуу сурадык.
Анын кол өнөрчүлүккө кызыгуусу 13 жашында ойгонгон. Байпак, башмак, жемпирлердин түрү колунан чыгат. Чыгармачылыктын дагы бир түрүнө кантип кызыгып калганын эстеди.
"Бир күнү ооруканага барып, справкага кол койдурганы башкы дарыгердин кабинетине кирсем, ал жакта майда шурудан (бисерден) жасалган жакшынакай гүл көзүмө илинди. Ошондон баштап абдан кызыгып, көбүнчө бак, бутак, жаныбарлардын түрлөрүн, гүлдөрдү курай баштадым. Андан кийин кагаздан кооз буюмдарды жасаганга кызыгып калдым", — деди Курманалиева.
Ал бисер-гүлдү жасаганга канча убакыт кетээрин айтып берди.
Курманалиева буга чейин болжол менен 150дөн ашык бисер буюм тизгендигин кошумчалады.
Кол өнөрүчүлүк демекчи, Баткенде 70 жаштагы аксакал Козубай Маматов кыздарга сеп даярдап, жууркан каптайт экен.