Туристтер аз убакыт ичинде көп жерлерди көрүүнү каалашат. Бул тууралуу Талант Токталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Токталиев: туристтер аз убакыттын ичинде көп жер көрүүнү каалайт
Анын айтымында, турист бир жумага келип, ал өлкөнүн кызыктуу жерлеринин баарын көрүүгө аракет кылат.
"Келген туристтер аз убакыттын ичинде шаарлар менен биргеликте эле облустарды да көрүүнү каалайт. Тилекке каршы, Кыргызстанда ички каттамдар аз болуп жатат. Бул жагдай туристтерге ыңгайсыз абал жаратууда, — деди Токталиев.
Ал айрыкча кыш мезгилинде Караколго келген турист үчүн Бишкектен 400 чакырым жол жүрүү оор болорун кошумчалады.