БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кочкор районунун Ак-Жар айылында жол кырсыгынан бир адамдын каза тапканын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 15-апрелде кечки саат сегизге чукул болгон. Audi-100 C4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдо бараткан кишини коюп, андан кийин бакты сүзгөн. Натыйжада 44 жаштагы жөө адам ошол жерден каза таап, айдоочуну Тез жардам кызматы алып кеткен.
Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми тартип сакчыларынын маалыматы боюнча маркум мас абалында болгон.
Буга чейин 14-апрелге караган түнү да жол кырсыгынан Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы Кыдыр Тыналиев көз жумган.