БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Шабдан баатыр проспектисине олуттуу ката менен "Ш. Баатыр көчөсү" деп илинген такталар алмаштырылганын Бишкек мэриясынан билдиришти.
Белгилей кетсек, көчөнүн эки тарабына башынан-аягына чейин "Ш. Баатыр" деп жазылган такталар илинип турган. "Шабдан баатыр" деп толук жазылган тактаны көрүү мүмкүн эмес эле. Бул туурасында материал Sputnik Кыргызстан агенттигине кечээ, 17-апрелде, чыккан.
Такталарды илүү иштерин мэриянын алдындагы "Бишкекасфальтсервис" муниципиалдык ишканасы жасаган.
![Шаабдан баатыр проспектисине олуттуу ката менен Ш. Баатыр көчөсү деп илинген такталар алмаштырылды Шаабдан баатыр проспектисине олуттуу ката менен Ш. Баатыр көчөсү деп илинген такталар алмаштырылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103871/71/1038717150_0:164:4200:2804_600x0_80_0_0_371d6eb7191a1ab8ed6ec17d771fdb91.jpg)
![Белгилей кетсек, көчөнүн эки тарабына башынан-аягына чейин Ш. Баатыр деп жазылган такталар илинип турган. Шабдан баатыр деп толук жазылган тактаны көрүү мүмкүн эмес эле. Белгилей кетсек, көчөнүн эки тарабына башынан-аягына чейин Ш. Баатыр деп жазылган такталар илинип турган. Шабдан баатыр деп толук жазылган тактаны көрүү мүмкүн эмес эле. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103872/49/1038724931_0:0:1030:648_600x0_80_0_0_45bde121206f1777ea654b629f0fcbc6.jpg)
"Көчөнүн аты жазылган такталар оңдолуп, 18-апрелге караган түнү кайрадан илинди. Жалпы жонунан 80 такта чыгарылган, анын 26сында ката кетип калган. Эске салсак, бул иштер демөөрчүлөрдүн каражатына жасалган болчу", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Элдик Апрель революция күнүн утурлай борбор калаанын Шабдан баатыр көчөсү 7-Апрель болуп өзгөртүлгөн. Ал эми Чүй проспектисинин Ауэзов көчөсүнөн Курманжан даткага чейинки бөлүгүнө Шабдан баатырдын ысымы ыйгарылган. Ошол эле учурда көчөгө жаңыдан коюлган аты жазылган такталар илинген.