БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Спорттун беш түрү боюнча чоңдор жана жаштар арасында "Кыргызстандын бермети" аталышындагы эл аралык фестиваль өтөт. Бул тууралуу КРдин Бирма боксу боюнча федерациянын вице-президенти Бекболсун Советбеков билдирди.
Мелдеш 22-27 июнь күндөрү Ысык-Көлдө өтөрү белгиленди. Анда мушкерлер спорттун кикбокс, ушу-саньда, пенчак силат, аралаш мушташ жана бирма боксу боюнча күч сынашат.
Мелдешке 10дон ашык мамлекеттин спорчуларынын келиши күтүлүүдө.
Буга чейин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өлкөнүн мыкты жаш боксчулары тууралуу лонгрид даярдаган.