БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев бүгүн алгачкы жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Премьер өз сөзүндө мурда бекитилген өкмөттүк программадагы башталыштар улантыларын билдирген.
![Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев бүгүн алгачкы жумушчу кеңешмесин өткөрдү Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев бүгүн алгачкы жумушчу кеңешмесин өткөрдү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103878/99/1038789924_79:0:1392:825_600x0_80_0_0_1523f62237c51e5a4c9f83d2471b6fb5.jpg)
![Премьер өз сөзүндө мурда бекитилген өкмөттүк программадагы башталыштар улантыларын билдирген. Премьер өз сөзүндө мурда бекитилген өкмөттүк программадагы башталыштар улантыларын билдирген. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103878/99/1038789919_0:0:1578:993_600x0_80_0_0_44aa4635a58ee99f77d2e8a399d6fcab.jpg)
![Мухаммедкалый Абулгазиев жыйында өкмөттүн жаңы курамынын иш принциби жана артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып берди. Мухаммедкалый Абулгазиев жыйында өкмөттүн жаңы курамынын иш принциби жана артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып берди. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103878/99/1038789931_14:0:1445:899_600x0_80_0_0_7c55f400f5a5547508ac638a48d011b5.jpg)
![Кеңешменин жүрүшүндө премьер-министр өкмөт аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүктөрүнө ыкчам чечимдерди талап кылган бир катар тапшырмаларды берген. Кеңешменин жүрүшүндө премьер-министр өкмөт аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүктөрүнө ыкчам чечимдерди талап кылган бир катар тапшырмаларды берген. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103878/99/1038789937_44:0:1389:846_600x0_80_0_0_64d59aa3dbe3cc9db436d10a36209e68.jpg)
"Мухаммедкалый Абулгазиев жыйында өкмөттүн жаңы курамынын иш принциби жана артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, өкмөттүн чечимдерин жана башка ченемдик-укуктук документтерди даярдоодо анын сапатын жогорулатуу зарылдыгы көрсөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Кеңешменин жүрүшүндө премьер-министр өкмөт аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүктөрүнө ыкчам чечимдерди талап кылган бир катар тапшырмаларды берген.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев башында турган өкмөттүн курамын инфографикадан көрүңүздөр.