00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Соцтармак кызыктары: Исаковдун кеткенине боздогон бала, интернетти жарган Момбеков

© Фото / пресс-служба фракции СДПКДепутат Рыскелди Момбеков
Депутат Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги узаган жумада интернет айдыңынан орун алган кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Узаган жумада өкмөт башчы Сапар Исаковдун отставкага кетиши коомчулукта кызуу талкууга алынды. Ал тургай кызматында калтырууну талап кылып кол чогулткандар да болду. Бирок алардын үнү парламентке жеткен эмес. Ал эми депутат Рыскелди Момбеков трибунадан жамактатып сүйлөп, дагы бир ирет жылдызы жанды.

1. Сапар Исаковдун кеткенине боздогон бала. Жогорку Кеңеш бейшембиде өкмөттү кетирип, жума күнү жаңысын шайлап алды. Муну социалдык тармак кызыл чеке түшүп талкуулап жатты. Адатта ааламды сел алса да козголуп койбой, кооз сүрөттөрдү жүктөп отура берген Instagram колдонуучулары да баш көтөрүп нааразычылыктарын билдирип жатты. Ал эми бул жигит болгон эмоциясын сыртка чыгарып күйүп-бышууда.

2. Момбеков жарылганда. Жаңы өкмөттү дайындоо учурунда депутат Рыскелди Момбековдун жамактап сүйлөгөнү элдин эсинен кетпей жаткан учуру. Ал суроо берүүнү токтотуп добуш берүүгө өтөлү деген кесиптешине каршы чыгып "Биз добуш берүүчү машинага айланып калдык. Азыр суроо бербей, анан качан беребиз?! Булар эшеги суудан өткөндөн кийин келбейт. Эртең Орозо, Көчмөндөрдүн оюну, андан кийин көпкөндөрдүн оюну деп ошо менен жаңы жылга кирип кетебиз. "Кидать" этет булар" деп залды жарды.

3. 200 миң долларды канча жыл иштеп тапса болот? Мурунку дүйшөмбүдө УКМК прокуратура кызматкерин 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармады. Мындай сумма жай тургундардын үрөйүн учурду. Муну театр актерлору зерикпей эсептеп чыгыптыр. 200 миң долларды сомго которгондо 13,6 миллион болот экен. Мынча акча табыш үчүн айына 14 миң сом айлык алган дарыгер 84 жыл, 8-9 миң алган мугалим 114 жыл, 5-6 миң айлык алган мадиният кызматкери 210 жыл жашаш керек экен. Ошо… иштегиле, көп жашагыла!

4. Энесин жонуна көтөргөн кыз. Социалдык түйүндөрдө энесин аркасына көтөрүп жүргөн аял тууралуу видео тарады. Салмагы 32-33 килограммга түшүп кеткен оорулуу апасын 27 жаштагы кызы көтөрүп жүргөн. "Кубаты жоктугунунан улам тепкичтерден өз алдынча чыга албайт. Ошондуктан ооруканага алып барганда жонума көтөрүп алган элем" деп айткан ал.

5. "Биримдик Аю" таркайбы? Артта калган аптанын дагы бир жаңылыгы болуп көк бөрүнүн алдыңкы командаларынын бири "Биримдик Аю" командасынын тарай турганы болду. Мындай кабар күйөрмандарынын көңүлүн чөгөрүп, себебин түшүнө албай турушат. Бирок команданын жетекчилиги бул боюнча түшүндүрмө бере элек. Белгилей кетсек, "Биримдик Аю" Ноорузда өткөн турнирде үчүнчү оорунга ээ болгон.

6. Ырчынын үйүндө кубанычтуу кабар. Шоу-бизнес жаңылыктарынан айтсак, КР эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков кырк жылкылуу болду. Келинчеги Мээрим Төлөпберген бейшемби күнү экинчи перзентин жарыкка алып келген. Наристеге Ыйман деген ысым ыйгарышканын айтышты.

7. Ырчынын уулу сынакта. Эстрада ырчысы Расул Маматкуловдун уулу Руслан ТНТ каналындагы "Песни" деп аталган вокалдык сынакка катышкан. Ал тандоо туруна катышып жатып, россиялык артист Егор Криддин "Мало так мало" деп аталган ырын аткарган. Бирок кайырмасына жете электе эле аны калыстар тобу токтотуп койду. Конкурс марттын айында эфирге чыкса, ал эми видеосу социалдык тармакка жакында эле жарыяланды. 

© Rutube/ ПЕСНИ на ТНТТимати не понравилось пение сына Расула Маматкулова на конкурсе ТНТ
Тимати не понравилось пение сына Расула Маматкулова на конкурсе ТНТ - Sputnik Кыргызстан
Тимати не понравилось пение сына Расула Маматкулова на конкурсе ТНТ

8. Байбиченин бийи. Аягында 75 жаштагы апанын бийин көрүп коюңуз. Ал тойдо небереси экөө чыгып былкылдап-шылкылдап чыгыш бийин тытып койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0