БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Ош шаарында каратэ боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Улуттук "Сетокан" каратэ-до International федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, чемпионат 23-24-июнь күндөрү Ош шаарында өткөрүлөт. Спорттук иш-чарада эркектер жана кыз-келиндер Эл аралык SKIF федерациясынын эрежелери менен ката жана кумитэ түрү боюнча ат салышат. Мелдешке өлкө аймагынан келген алты жаштан жогорку курактагы бардык спортчулар катыша алат. Жеңүүчүлөр медаль, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланат.
Аталган турнирдин алкагында 19-21-июнь күндөрү япониядан келген каратэ боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, кара курдун 8-данынын ээси Манабу Мураками атайын семинар өткөрөт.