00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Достук" акыры "Ынтымакты" жеңип көк бөрү чемпиону болду

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке
Турнир по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңиш алып келген улактын баарын тайказанга Манас Ниязов таштады.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. "Достук" командасы көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпиону болду.

Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жогорку лигасынын финалында Ош облусунун "Достук" жана Талас дубанынын "Ынтымак" командасы бүгүн, 9-майда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда күч сынашты.

Алгачкы оюндун 9-мүнөтүндө "Достуктун" оюнчусу Манас Ниязов "Бойка" деген аргымагы менен каршылашынын тайказанына улак таштап эсеп санын ачты. Арадан бир нече мүнөт өткөндөн кийин ал кайра дагы бир салым жасады. Ошентип оюндун биринчи бөлүгү 2:0 эсеби менен аяктады.

Кайдыгер калтырбаган ирмемдер! Шаар күнүнө арналган көк бөрү мелдешинин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Кайдыгер калтырбаган ирмемдер! Шаар күнүнө арналган көк бөрү мелдешинин видеосу
Экинчи бөлүктүн 4-мүнөтүндө Манас Ниязов улакты ортодон жулуп чыгып "Ынтымактын" тайказанына таштай салды. Андан кийин да кыл чайнашкан кармаш болгону менен эсеп саны өзгөрүүсүз аяктады.

Ал эми үчүнчү бөлүктүн башында "Достуктун" капитаны Таши Майлыбашев жекеме-жеке айлампасына кирип кеткени үчүн эки мүнөттүк жаза мамыга коё берилди. Бул учурда "Ынтымактын" улакчысы Чубак Нурманбет уулу бир улак салууга жетишти. Оюндун бүтүшүнө бир жарым мүнөт калганда "Ынтымак" дагы бир улак таштоого үлгүрдү. Натыйжада оюн 3:2 эсебинде "Достук" командасынын жеңиши менен жыйынтыкталды.

Эскерте кетсек, Нооруз майрамындагы мелдеште баш байгени "Ынтымак" командасы утуп кеткен. Анда эсеп 2:1 менен жыйынтыкталган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0