БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жума күнү өлкө аймагында күн ачык болоорун Кыргызгидромет билдирди. Ага ылайык, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы көтөрүлүп, Чүй өрөөнү менен Таласта 30…34 градуска жылыса, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 30…35 градус нөлдөн жогору болот. Ал эми Нарын менен Ысык-Көлдө 22…27 градус жылуу болушу күтүлүүдө.
Борбор калаа менен Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы 32…35 градуска жетет.