БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Борбор калаадагы "Бишкек парк" соода борборунун жанында №224 каттамдагы маршрутка токтотуучу жайга кирип бара жаткан Mercedes-Benz автоунаасын сүзгөн. Бул туурасында Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан кабарлашты.
![Борбор калаадагы Бишкек парк соода борборунун жанында №224 каттамдагы маршрутка токтотуучу жайга кирип бара жаткан Mercedes-Benz автоунаасын сүзгөн. Борбор калаадагы Бишкек парк соода борборунун жанында №224 каттамдагы маршрутка токтотуучу жайга кирип бара жаткан Mercedes-Benz автоунаасын сүзгөн. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103920/98/1039209862_26:0:821:499_600x0_80_0_0_19fc78d0965620cf9cade8eadd2f7220.jpg)
![Жол кырсыгы болжол менен түшкү саат бирлерге чукул болгон. Жол кырсыгы болжол менен түшкү саат бирлерге чукул болгон. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103920/98/1039209867_63:0:858:500_600x0_80_0_0_0366739a72a8f34a462be67e0b1ecc4d.jpg)
![Бул кырсыктан маршрутканын ичинде келе жаткан төрт киши жаракат алып, Тез жардам аларды ооруканага жеткирген. Бул кырсыктан маршрутканын ичинде келе жаткан төрт киши жаракат алып, Тез жардам аларды ооруканага жеткирген. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103920/98/1039209854_0:0:794:500_600x0_80_0_0_5998785749a79698c8d2886071acb8b1.jpg)
"Жол кырсыгы болжол менен түшкү саат бирлерге чукул болгон. Ичинде жүргүнчүлөрү бар кичи автобус токтотуучу жайга кирип бара жаткан Mercedes-Benz автоунаасын сүзгөн. Сүзүлгөн унаа күү менен келип, токтоп турган башкаларына урунган. Маршрутканын күнөөсүнөн улам төрт автокөлүк жабыркады", — деп айтышты милициядан.
Бул кырсыктан маршрутканын ичинде келе жаткан төрт киши жаракат алып, Тез жардам аларды ооруканага жеткирген.
Наркологиялык текшерүү кичи автобустун айдоочусу соо экендигин көрсөткөн. Кырсык боюнча топтолгон материал милицияга иликтөө үчүн өткөрүп берилген.
Кечээ, 16-майда, скутер айдаган киши жөө кетип барткан аялды коюп кеткен.