Балдардын ата энесине жардам бергени алардын укугун бузбайт. Тескерисинче, эмгек тарбиясына үйрөтөт. Мындай пикирин Алмаз Токтомаметов Sputnik Кыргызстан радиосундагы "Ачык кеп" программасында окуу жылынын башталышын 10-сентябрга жылдыруу боюнча талкууда сүйлөп жатып айтты.
Анын айтымында, окуу жылынын башталышын жылдыруу маселеси буга чейин да көтөрүлүп келген. Ал эми акыркы эки жылда Жогорку Кеңеш тарабынан да талкууга алынып, бир нече жарандык коомдор да үн кошууда.
"Окуу жылынын башталышы 10-сентябрга жылса, биринчи кезекте бул аралыкта балдарга, мугалимдерге атайын арзандатылган баада эс алуучу, ден соолугун чыңдоочу программалар иштелип чыгат. Ошондой эле оруп-жыйноо мезгили, балдардын талаа иштеринде ата-энелерине жардам бергени туура. Талаа иштери десе эле балдарды эмгекке тартылышы, алардын укугун тебелегендик деп жатышат. Андай эмес, балдардын оор жумуштарды жасоосуна биз да каршыбыз, бирок эмгек тарбиясы деген да бар. Бала ата-энеге жардам берип чоңоюусу керек, " — деди Токтомаметов.
Вице-президент бул аракеттер быйыл ишке ашса, тажрыйба жүзүндө көрүп, жакшы жыйынтык берсе, окуу жылы ар жылы 10-сентябрдан баштала турган кылып калтыруу керектигин кошумчалады.
Эскерте кетчү жагдай, респонденттин пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.