БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстан Газа секторундагы абалдын кескин курчушуна тынчсызданып жатат. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Стамбул шаарында Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитинде сөз сүйлөп жатып билдирди.
Премьер-министр өз сөзүндө 2018-жылдын 14-майындагы кагылышуулардан көп адам каза болгондугуна байланыштуу Палестина элине терең көңүл айтты.
"БУУнун Башкы ассамблеясынын 2017-жылдын 21-декабрындагы резолюциясын ага мүчө өлкөлөр көпчүлүк добуш менен кабыл алган. Анда АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныганын жокко чыгаруу каралган болчу. Буга карабастан АКШ элчилигинин Иерусалим шаарына которулушу кырдаалды татаалдаштырды. Биз бул окуяларга катышы бар бардык тараптарды жарандардын, өзгөчө балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сабырдуу болууга чакырабыз", — деди Абылгазиев.
Өкмөт башчы Палестина-Израиль жаңжалы эл аралык мыйзамдардын чегинде чечилерине ишеним артып, мында БУУ өзүнүн таасирдүү жана чечүүчү ролун ойноого тийиш экенин кошумчалады. Ошондой эле бул жолугушуу Иерусалим шаарынын айланасындагы кырдаалды жөнгө салууда, Ислам кызматташтык уюмунун биримдигин чыңдоодо алдыга карай дагы бир кадам болуп каларын белгиледи.
"Кыргызстан Палестинанын эли өзүнүн зомбулуктан жана согуштан алыс татыктуу жашоого болгон укугун жакын арада ишке ашырат жана БУУнун толук укуктуу мүчөсү болуучу эгемендүү мамлекетин курат деп бекем ишенет", — деп Абылгазиев кошумчалаган.
Иерусалим — Жакынкы Чыгыштагы шаар. 1950-жылы Израилдин Кнессети (парламент) Иерусалимди өлкөнүн борбору деп кабыл алган. Ал эми 1967-жылы болуп өткөн алты күндүк согушта (5-июндан 10-июнга чейин созулган араб-израиль чатагы) Израиль жеңишке жетип, Чыгыш жана Батыш Иерусалимди толугу менен көзөмөлдөй баштаган. 1980-жылы Кнессет Иерусалимди Израилдин бирдиктүү жана бөлүнгүс борбору катары кабыл алган. Бирок бир катар эл аралык уюмдар Иерусалимди Палестинанын жери деп эсептеп, Израилдин борбору катары тааныган эмес. Мындан улам Иерусалимдин статусу Израиль менен Палестинанын ортосундагы чатакты жаратып келет.