Британиянын The Sun басылмасынын жазганына караганда, сынактын катышуучусу ооз комузда ойноп жатып жаныбарлардын үнүн туурап, калыстар менен көрүүчүлөрдү абдан таң калтырды.
Көмөкөйдүн чыккан үн жана музыкалык аспаптын жардамы менен өнөрпоз кыз табияттын добушун, канаттуулардын сайраганын жана жылкынын кишенегенин туураган.
Өзгөчө номерге таасирленген калыстар менен залда отургандар ыргакка кошулуп бийлеп кеткенин көрүүгө болот.
"Мындайды эч ким күтпөсө керек!", — деп жазган британиялык Express таблоиди.
Британида Britain`s Got Talent шоусу 2007-жылдан бери өткөрүлүп, ITV телеканалынан көрсөтүлүп келет. Ага жаш курагы менен иштеген ишине карабастан каалоочулардын баары катышып, өзгөчө өнөрүн көрсөтө алат.
Бул сынакка Кыргызстандан белгилүү бийчи Атай Өмүрзакоыдун "Тумар КР" тобу катышып, анын өнөрүнө калыстар тура калып кол чапкан.